Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады

Операция 9 саатка жакын созулду

Кыргызстанда экинчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Учурда ооруканада адистер нөөмөттө болуп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Операция 9 саатка жакын созулуп, ага КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган топтор тартылган.

 

Эске сала кетсек, кечээ Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Ал 8-9 саатка созулган. Ага КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден түзүлгөн командалар катышты.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциялары бекер болорун, алар президенттик фонддон каржылана турганын билдирген.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх