Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу Улуттук университеттердин рейтинги түзүлдү. Кайсылар биринчи ондукка кирди?

Мындай изилдөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлүүдө

Кыргызстанда биринчи жолу жогорку окуу жайлардын Улуттук рейтинги түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

EdNet Сапатты камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулованын айтымында, рейтингдин алкагында 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин EdNet агенттиги өлкөдөгү 1000ден ашык окутуучу жана 500 иш берүүчүнүн арасында сурамжылоо жүргүзүп, Кыргызстандын 55 университетине баа берген.

ЖОЖдор төмөнкү критерийлер боюнча бааланды:

- академиялык репутация;

- иш берүүчүлөрдү баалоо;

- окутуунун сапаты;

- цитаталоо индекси;

- чет өлкөдөн келген мугалимдердин саны;

- чет өлкөлүк студенттердин саны.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын алдыңкы он университетине төмөнкүлөр кирди:

1) Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - 461,56 балл.

2) Эл аралык Ала-Тоо университети – 453,58 балл.

3) Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 436,74 балл.

4) ОшМУ – 415,84 балл.

5) Кыргыз-Орус Славян университети – 412,74 балл.

6) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 404,36 балл.

7) К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 403,54 балл.

8) Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети - 352,92 балл.

9) Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 324,3 балл.

10) Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети - 318,12 балл.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх