Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкекте бекер юридикалык кеңеш беришет
Акция 28-июнга чейин болот
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициясы менен биргеликте жарандарга бекер юридикалык кеңештерди беришет.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдиргендей, иш-чара Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналган маалыматтык кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.
Акысыз юридикалык консультациялар 28-июнга чейин иш күндөрү саат 16.00дөн 19.00гө чейин Бишкек Парк соода борборунда берилет.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз