Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда төлгөчүлөр менен көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынды

Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында «Жарнак жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламенттин 25 депутаты.

Мыйзам долбоору сыйкыр кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө жарандардын аң-сезимин манипуляциялоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.

«Кийинки толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү түшүнүктөрүн так ажыратууга мүмкүндүк берет, тактап айтканда, маалымат мейкиндигинде абийирсиз жарандардын алдамчылык аракеттерин жарнамалоого тыюу салуу киргизилет», - деп белгиледи депутат Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоорунда маалымат мейкиндигинде көзү ачыктарды, төлгөчүлөрдү, экстрасенстерди жарнамалоого тыюу салуу сунушталды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх