Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

13-июнда Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Ал эми 15-июнда Ахунбаев көчөсүнүн да бир бөлүгү жабылат

Бишкекте эртең, 13-июнда Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат, деп билдирди мэрия.

Анын айтымында, Медерова көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки тилкеде оңдоо иштери башталат.

Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери 15-июнда башталат.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Ал эми Сүйөркулов көчөсүнөн Медерова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө алдында даярдык иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 2 катмар асфальт төшөлүп, жол сызыктары да тартылды. Токтоналиева көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкеге асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.

Жолдорду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх