Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда уран казыла баштайт. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун жактырды

70 депутат макул, 8 депутат каршы добуш берди

Жогорку Кеӊеш бүгүн, 27-октябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жооптуулуктар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна 70 депутат "макул", 8 депутат "каршы" добуш берди.

 

Буга чейин экологдор менен укук коргоочулар уран казууга мораторийди алып салуу боюнча мыйзам долбоорунун кабыл алынышына тынчсыздануусун билдиришкен. Алар толук коомдук угууларды жана көз карандысыз экологиялык экспертизаны уюштурууну талап кылышты.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх