Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: Жыл ичинде 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

Башкармалыктын маалыматы боюнча, аз камсыз болгон балдардын саны 44,9 миңге азайган

Жыл ичинде 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыгып кеткенин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өткөн жылдын май айында 16 жашка чейинки 323,7 миң бала же 97,5 миң муктаж үй-бүлө «Үй-бүлөго көмөк» жөлөкпулун алган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында бул жөлөк пул 278,8 миң балага же 81,5 миң үй-бүлөгө төлөндү.

«Ошентип, аз камсыз болгон балдардын саны 44,9 миңге, ал эми үй-бүлөлөр 16 миңге кыскарды», - деп белгилейт мекеме.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх