Кыргызстанга Telegram тиркемесин жараткан Павел Дуров келди
Ал Ысык-Көлдө келгенин ММКлар жазып чыгышты
Telegram мессенджеринин жаратуучусу Павел Дуров Кыргызстанга келгенин ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Дуров азыр Ысык-Көлдө.
Белгилей кетсек, миллиардер буга чейин ушул жайда Борбор Азияга барууну пландап жатканын билдирген.
«Telegramдын башкы директору катары мен эс алууга чыкпайм. Мен иштей берем жана адаттан тыш жерлерден колдонуучулар менен жолугушам. Ушул жайда жашоо менен таанышуу, адамдардын Telegramды кантип колдонорун, ошондой эле колдонуучуларыбыздын санариптик муктаждыктарын изилдөө үчүн Борбор Азияны изилдөөнү чечтим», — деп жазды ал 10-июнда өзүнүн Telegram каналында.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз