Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктарды алдыда чоң дем алыш күндөрү күтүп турат

Келе жаткан дүйшөмбү жумуш эмес күн болот

Кыргызстандыктарды алдыда чоң дем алыш күндөрү күтүп турат. Бул тууралуу КР Эмгек министрлиги эскертти.

Быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дем алыш (жекшемби) болгон 16-июньду ай календары боюнча аныкталган Курман айт майрамын белгилөө күнү деп расмий жарыялады.

Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, эгерде дем алыш күнү жумуш эмес майрамга туш келсе, дем алыш күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Ага ылайык, 17-июнь, дүйшөмбү – мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын беш күндүк жана алты күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлери үчүн дем алыш күнү», - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх