Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлдү. Суу цистерналары жана дааратканалар орнотула турган жерлердин даректери

Саат 9.00дөн 20.00гө чейин суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү токтотулат. Ал Саманчина, Малдыбаев көчөлөрү, темир жол линиясы жана Ибраимов андан ары Жукеева-Пудовкина менен чектелген аймакта саат 9.00дөн 20.00гө чейин суу болбойт.

 

Бишкек шаарынын мэриясы суу ташыгычтар жана кургак дааратканалар орнотула турган пункттардын даректерин билдирди:

Сүйөркулов жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилиши;
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы;
10-кичи район №1 үйдүн каршысы;
Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши;
Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
Жантөшева жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
Жукеева-Пудовкина жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Абай көчөсү менен БЧКнын кесилиши (карылар үйүнүн жанында);
Скрябин жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши;
Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;
Жукеева-Пудовкина көчөсү менен Геологический тилкесинин кесилиши;
Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Абай көчөсү менен Чыгыш БЧКнын кесилиши №61 орто мектептин жанында.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх