Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ФИФА Кыргыз курама командасы тууралуу: Суктандыраарлык!

ФИФА команданын тандоо оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусуна комментарий берди

ФИФА Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-туруна киришине комментарий берди. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Азия континентинин курама командаларынын кароосуна арналган материалда Кыргызстандын, Палестинанын, Кувейттин жана КЭДРдин курама командаларынын оюндары чагылдырылды.

«Кыргызстан биринчи жолу үчүнчү турга чыкты. Бул алардын мурунку Азия Кубогундагы өз тайпасында акыркы орунга чыккандан кийин өзгөчө таасир калтырып жатат. Быйыл команда 11 упай менен өз тайпасында экинчи орунду ээлеп, үчүнчү турга чыкты. Бир гана беттеште, Малайзия менен болгон оюнда утулуп калышты», - деп белгилешти алар.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх