Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар Ысык-Көлгө кирер алдында текшерилет

ЖКККБ жарандар үчүн WhatsApp “ишеним телефону”иштээрин эскертти

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар Ысык-Көл облусуна кирер алдында текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

«Бул ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу жана башка эреже бузууларга тиешелүү. Ошондой эле техникалык кароонун бар болушу жана лицензиялык талаптардын сакталышы текшерилет. Ушул күнгө чейин 135 миң сомдон ашык айып салынды», - дешти аталган кызматтан.

Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы 0 777 102 102 номеринде WhatsApp бар экенин эскертти. Бул “ишеним телефонуна” башка айдоочулардын жол эрежесин бузган фото жана видеолорду жөнөтө алышат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх