Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Токтонасыровдун иши боюнча чечим чыгарат

Буга чейин прокурор активистти үч жылга эркинен ажыратууну суранган

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май соту коомдук активист Өндүрүш Токтонасыровго карата чечим чыгарат. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин прокурор Токтонасыровду үч жылга эркинен ажыратууну суранган.

Түшүндүрө кетсек, активист ар кандай коомдук жана саясий маселелер боюнча жеке нааразылык акцияларынын аркасында таанымалдыкка жеткен.

Учурда Токтонасыровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Социалдык тармактардагы билдирүүлөр аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх