Бишкектин мугалимдери айлыктары кыскартылганына нааразы болушту
Кээ бир мектептерде “статус” үчүн бонус алынып салынган
Бишкектин мугалимдери айлыктары кыскартылганына нааразы болушту. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.
Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы айрым мектептерде мектептин “статусуна” байланыштуу үстөк акы алынып салынганын түшүндүрдү. Билим берүү мекемелеринин аккредитациясынын мөөнөтү 1-апрелде аяктаган. Өзгөрүүлөр №20, 26, 63, 64, 91 ж.б. мектептерде болгон.
Түшүндүрө кетсек, Билим берүү министрлигинин мектептер боюнча жаңы жобосунда “гимназия” жана “лицей” статусу алынып салынышы мүмкүн. Алар үчүн мугалимдердин айлык акысынын белгилүү бир пайызы бар.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз