Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Түркиядан бекер дарылануу үчүн квотаны көбөйтүүнү суранды

Буга чейин жылдык квота 150 адамды түзчү

Кыргызстан Түркиядан бекер дарылануу үчүн квотаны көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, элчи Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаздын жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү бир катар маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарап саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишимди ишке ашырууну кайра баштоо зарылдыгын белгиледи. Анын ичинде Кыргызстандын 150 жараны түрк клиникаларында жыл сайын бекер дарыланууга тийиш. Ошондой эле квотаны 500 адамга чейин көбөйтүү өтүнүчү айтылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх