Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп тапты

Коомдук активистке 100 миң сом айып салынды

Биринчи Май райондук соту активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун администрациясы билдирди.

Токтонасыровго “Расалык, этностук, улуттук, диний, конфессиялар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)” беренеси боюнча айып тагылууда. Прокурор судьядан активистти үч жылга эркинен ажыратууну суранган.

Судья Илязбек Тажыбаев иштин жагдайын карап чыгып, Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды.

«Прокурорлор мени үч жылга эркинен ажыратууну суранышкан, бирок бүгүн айып пул салышты. Бул соттордун көз карандысыз эмес экенин далилдейт. Алар менин оозумду жаап салгылары келип жатат», - деп жооп кайтарган коомдук активист өкүм боюнча даттанууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх