Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

Буга чейин мындай жолугушуулар аймактарда өтүп келген

Бир күн мурун Бишкекте гендердик маселелер боюнча аймактык кеңешмелер өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева жана башка мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Буга чейин Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында онлайн режиминде талкуулар болуп, үй-бүлөлүк зомбулук, ишке орноштуруу, медициналык тейлөө ж.б. маселелер каралган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх