Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Саат 23:00дөн кийин кафелер, курулуштар ызы-чуу кылбашы керек

Азыр алардын кожоюндары даттанууларды көрмөксөнгө салышат

Саат 23:00дөн кийин кафелер, курулуштар ызы-чуу кылбашы керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламентте “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди.

«Бизде азыр андай мыйзам жок. Ошондуктан эч кандай тыюу жок. Эрежелер бар, бирок алар иштебейт. Милиция тургундардын арыздарына жооп берет, бирок эч ким укпайт. Кафелердин жана курулуш объектилеринин ээлери бул алардын жеке менчиги – батир же кафе деп, каалаганын кыла берерин айтышат!». – деди депутат.

Парламентарий кошумчалагандай, саат 23:00дөн кийин ызы-чуу болбошу керек. Ошол себептүү кафелерде атайын үн өткөрбөй турган материалдар колдонулуп, курулуш компаниялары же менчик ээлери элдин уйкусун бузган иштерди токтотушу керек.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх