Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бала бакчалардагы тамак-ашты мамлекет каржылабайт - президент мыйзам долбоорун кайтарды

Мыйзам долбоорунда кошумча төлөө принцибин киргизүү сунушталган

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, бийлик буга чейин мектепке чейинки мекемелердин тамак-ашына бөлүнгөн 800 миллион сомду үнөмдөп, бул акчага бала бакчаларды курууну көздөп жатат.

Эске сала кетсек, документте бала бакчаларда балдардын тамак-ашына кошумча төлөө принцибинин киргизилиши каралган - 50 пайызын ата-энелер, 50 пайызын мамлекет төлөшү керек болчу.

Аманбаев ошондой эле Каржы министрлиги 2023-жылы «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынгандыктан, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөөрүнө байланыштуу кошумча каржылоону токтотууну көздөп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште бала бакчалардагы тамак-ашка ата-энелерди толук төлөп берүүгө милдеттендирген норманы четке кагуу сунушталган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жактырылган. Мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх