Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Апамдын каттамасы" кафеси бузулат. Жаңы коомдук тамактануу түйүндөрү кандай болот - эскиздер

Буга чейин каттамасы менен белгилүү кафелер бузула турганы белгилүү болгон

Мамкурулуш Ысык-Көлгө баруучу жолдогу «Апамдын каттамасы» белгилүү коомдук тамактануу жайларынын эскиздерин иштеп чыкты.

Буга чейин алар кафени бузууну көздөп жатканы белгилүү болгон.

Мамлекеттик курулуш комитети Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымындагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен имараттардын сырткы фасадын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Долбоор боюнча 5 имарат бузулууга тийиш жана алар иштелип чыккан эскиздер боюнча кайра курулат.

 

 

Сүрөт Мамкурулуштун басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх