Бишкекте №203 кичи автобустар жүрбөй калды
Маршрутка автобустар менен алмаштырылат
Борбор калаада №203 кичи автобустун ордуна автобус иштей турганын Бишкек мэриясы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, №203 автобус 21-июндан тарта иштей баштады, аны «Бишкекгортранс» муниципалдык ишканасы тейлейт.
Мэрия бул иш-чара борбор калаанын коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруткалар толугу менен автобустарга алмаштырылат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз