Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Фостердик үй-бүлөдө жашаган балдардын саны 20%га өстү
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата 115 фостердик үй-бүлөдө ата-энесинин камкордугусуз калган 224 бала тарбияланууда, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20%га көп. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
2023-жылы 1-июнга карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланууда болгон.
Фостердик үй-бүлөлөргө дагы 45 бала министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окууга катталган.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз