Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Автандил Арабаев дүйнө салды

Ал 61 жашта болчу

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, укук таануучу, профессор Автандил Арабаев 61 жашында каза болду. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Канатбек Азиз социалдык тармактарга билдирди.

Автандил Арабаев жакында эле КР Президентине караштуу Коомдук илимдер улуттук изилдөө институтунун Укуктук жана саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси болгон.

125 илимий эмгектин, анын ичинде мамлекет жана укук теориясынын, конституциялык жана парламенттик укуктун проблемалары боюнча 5 монографиянын жана 4 окуу китебинин автору.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Автандил Анисович Арабаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх