Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мыйзамсыз иштеген 45 чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланат

Чүй районундагы канаттуулар фабрикасында мыйзамсыз жүргөндөр аныкталды

Чет элдик эмгек мигранттары КР мыйзамдарын бузууну улантууда, деп билдирди КР УКМК.

Атайын кызмат Чүй облусундагы канаттуулар фабрикаларынын биринде КР визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет элдик жаранды (12си Пакистандын, 33ү Бангладештин жараны) аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, тартип бузгандар кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары депортациялоо менен административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

Мамлекеттик комитет терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх