Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бий, стол оюндары, гимнастика. Бишкектиктерди бекер сабактарга чакырышты

Иш-чаралар бардык калоочулар үчүн Карагачева Рощада өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы Карагачевая роща паркында 26-июндан баштап бардык каалочулар үчүн спорттун активдүү түрлөрү боюнча бекер сабактар өткөрөт.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, сабактар ар шаршемби күнү саат 16.00дө бекер өткөрүлөт.

Алдын ала сабактардын графиги:

26-июнь – бий боюнча мастер-класс;
3-июль – үстөл оюндары боюнча мелдештер: шахмат, шашки, тогуз коргоол, ордо;
10-июль – стол тенниси боюнча мелдеш;
17-июль – ден соолукту чыңдоочу гимнастика боюнча мастер-класс.

Мэрия сабактарды квалификациялуу тренерлер жана инструкторлор өткөрөрүн белгиледи.

«Бишкек шаарынын мэриясы бардык бишкектиктерди жана борбордун конокторун бул мааракеге активдүү катышууга жана жакындары менен убакыт өткөрүүгө чакырат», — деп билдирди муниципалитет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх