Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аталар күнү болбойт, ата-энелер күнү болот - депутаттар мыйзам долбоорун жактырышты

Ал 15-мартта белгиленет

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргызстанда ата-энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырышты.

Мыйзам долбооруна 81 депутат добуш берип, бардыгы болуп 85 эл өкүлү катталган.

Белгилей кетсек, буга чейин мыйзам долбоорунун демилгечилери Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү катары белгилөөнү сунушташкан. Бирок талкуулардан кийин 15-мартты ата-энелер күнү деп белгилөө чечими кабыл алынды. Бул күн эс алуу күнү болбойт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх