Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Веб-камера студияларын уюштургандар түрмөгө камалат

Ал эми, Веб-камера моделдерине айып пул салынат

Жогорку Кеңештин демилгечилеринин айтымында, Кыргызстанда веб-камера студияларын уюштурууну кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында иштелип чыккан “Айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, веб-камера студияларын уюштургандар 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалса, 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу жамааттын курамында жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар - мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Веб-камера студиясынын моделдерине 10 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх