Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектеп окуучулары FISO эл аралык олимпиадасында медалдарга ээ болушту

Олимпиаданын дүйнөлүк туру Дубайда 18 өлкөнүн мектеп окуучуларынын катышуусунда өттү

Кыргызстандык мектеп окуучулары FISO эл аралык олимпиадасында 5 алтын медаль жана Бриллиант байгеге ээ болушту.

24-25-июнь күндөрү Дубайда өткөн FISO олимпиадасынын глобалдык туруна 18 өлкөдөн 417 мектеп окуучусу, анын ичинде 26 кыргызстандык катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- Байзак Эсенбаев - Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу - математика боюнча алтын медаль;

- Токтогул районундагы Н.Биримкулов атындагы №4 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Тайырбек Давлетбаев математика сабагы боюнча алтын медаль жеңип алды;

- Панфилов районундагы Э.Кожомкулов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Нурсултан Алмазов сүрөт тартуу боюнча алтын медаль жеңип алды;

- Бишкек шаарындагы “Сейтек Стем” мектебинин 9-классынын окуучусу Нурболот Биркеев математика сабагы боюнча алтын медаль жеңип алды;

- Бишкек шаарындагы «Сейтек Стем» мектебинин 9-классынын окуучусу Эламан Сражидинов математика сабагы боюнча алтын медаль жеңип алды;

- Бишкектеги Kings мектебинин 2-классынын окуучусу Шамхан Соорбеков математика боюнча “Бриллиант” сыйлыгын жеңип алды.

 

 

Белгилей кетсек, FISO (Future Intelligence Student Olympiad) Азия өлкөлөрүндөгү абдан престиждүү олимпиада болуп саналат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх