Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги: Дагы 2 абитуриент "алтын сертификатка" ээ болду

2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку упай эң жогорку упай 234тү түзгөн

Кошумча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында дагы 2 абитуриент "алтын сертификатка" ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлгөн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева анын жыйынтыгында эки абитуринет "алтын сертификатка" ээ болгонун министр Догдуркүл Кендирбаевага айтып берди.

Алар:

Абдумалик Турсунов (231) – Ош облусу, "Профессор П.К.Купуев атындагы Академиясы" мекемеси;
Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.
Белгиленгендей, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен "алтын сертификатка" ээ болгон.

Белгилей кетсек, 21-июнунда 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку упай эң жогорку упай 234тү түзгөн. Ал эми жогорку упай алган 56 абитуриент "алтын сертификатка" ээ болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх