Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү ишкер жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роман Шин каза болду

Ал 27-июнда Москвадагы клиникалардын биринде каза болгон

Өмүрүнүн 76-жылында белгилүү ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роман Шин каза болду. Бул тууралуу анын уулу Сергей Шин билдирди.

«Урматтуу достор, бүгүн Шин Роман Александрович биздин дүйнөнү таштап кеткенин оор кайгы менен билдиребиз...», — деп жазды ал социалдык тармактарда.

«Орус корейлери» гезитинин жазганына караганда, Роман Шин 27-июнда Москвадагы клиникалардын биринде каза болгон.

2008-2009-жылдары Роман Шин “Де-факто” жана “Асман-пресс” гезиттеринин версиясы боюнча Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын катарына кирген. Роман Шин Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган, акыркы жолу 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынан шайланган. «Даңк» медалы, Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Корея Республикасынын алтын медалы, «Түгөлбай-Ата», «Рухоният» сыйлыктары менен сыйланган.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Роман Александрович Шиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх