Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Россиянын жогорку окуу жайларына тапшыра алышат. Экзамендер Бишкек шаарында өткөрүлөт

Кабыл алуу комиссиялары иштей баштады

Кыргызстанда Новосибирск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайлардын кабыл алуу комиссиялары иштей баштаганын КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Россиянын жогорку окуу жайларынын кабыл алуу комиссиялары төмөнкү график боюнча иштешет:

26-июндан 1-июлга чейин – Сибирь мамлекеттик медициналык университети, Томск мамлекеттик университети, Томск политехникалык университети, Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университети;
29-июндан 3-июлга чейин – Омск мамлекеттик техникалык университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик транспорт университети, Сибирь мамлекеттик транспорт университети.
Буга чейин онлайн сайттар аркылуу документ жөнөткөндөр үчүн ЖОЖдордун өкүлдөрү Бишкек шаарында 26-июндан 3-июлга чейин К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында кирүү сынактарын өткөрүшөт.

«Жогорку окуу жайларга кабыл алынганда абитуриенттер жатакана менен камсыздалат, миграциялык документтер боюнча жардам көрсөтүлөт, эң мыкты студенттерге стипендия төлөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунан ошондой эле июль айында Бишкекте жеринде жайгашкан кабыл алуу комиссиясы бүтүрүүчүлөрдүн документтерин Россия өкмөтү тарабынан КР жарандары үчүн бөлүнгөн бюджеттик орундарга кабыл алаарын билдирди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх