Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто сууга чөккөндөрдү куткаруу боюнча машыгуу өттү

Машыгуу мүмкүн болушунча реалдуу шартка жакындады

Ошто сууга чөккөндөрдү куткаруу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары сүзүү эрежелери жана сууга чөккөн адамды куткаруу боюнча машыгуудан өттү.

Машыгуу мүмкүн болушунча реалдуу шартка жакындады.

Машыгуу учурунда ӨКМ кызматкерлери суу үстүнөн куткаруу жана кырсык болуп сууга чөккөн адамга медицина кызматкерлерине чейинки алгачкы жардам берүү эрежелерин практикалык түрдө аткарышты. Сууга чөгүп бараткан адамга жардам мүмкүн болушунча тезирээк көрсөтүлүшү керек, андыктан куткаруучуга аны суудан алып чыгууга эки мүнөт убакыт берилет.

Куткаруучулардын ыкчам аракетин күчөтүү максатында мындай машыгуулар жыл сайын өтүп турат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх