Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жигит балет боюнча эл аралык сынакта алтын утуп алган. "Бирок Мекен аны байкаган жок!"

"Бир дагы мекеме жаш жана өтө келечектүү бийчини куттуктаган жок"

Жаш балет бийчиси Адилжан Рахманов Стамбулда (Түркия) өткөн VI Эл аралык балет сынагында алтын медаль тагынды.

Сынак 10-июндан 14-июнга чейин 7 өлкөдөн 40ка жакын өнөрпоздун катышуусунда өттү.

Сынакка Кыргызстандын атынан педагог-хореограф, КР эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркуловдун жетекчилиги астында Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери Атахан Сарыгулов, Мухаммед Али Джекшенбаев жана Адилжан Рахманов катышты.

Досмат Садыркулов өзүнүн Фейсбук баракчасына Адилжан Рахмановдун жеңишин КР бийлиги жана мамлекеттик органдар байкабай калганын жазды.

“Эч кимге керексиз жеңишпи?! Окуучум Адилжан Рахманов Стамбулда (Түркия) өткөн абройлуу эл аралык сынакта алтын жеңип алды! Бирок Мекен байкаган жок! Бир дагы бийлик өкүлү жаш жана өтө келечектүү бийчини куттуктаган жок, бул аны жаңы эрдиктерге шыктандырышы мүмкүн болчу. Өкүнүчтүү”, - деп жазды ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх