Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев Парижде өтүүчү Олимпиадада Кыргызстандын атынан чыга турган балбандарды түшкү тамакка чакырды (фото)

Ал спортчуларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышкан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы спортчуларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. Ал алдыдагы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары өзгөчө жеңиштерге жетишерине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары Ташиев президент Садыр Жапаровдун буйругу менен спорттун ар бир түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү шарттар түзүлүп, бардык муктаждыктар канааттандырылып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын балбандары Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 10 жолдомо алышкан.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх