Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Стивен Сигал Ысык-Көлдө эс алып жатат

Актёр Садыр Жапаров менен жолугушту

Кыргызстанга белгилүү актёр Стивен Сигал келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарга билдирди.

Анын айтымында, актер Ысык-Көлдө Садыр Жапаров менен жолугушкан.

Аскат Алагөзов дагы сүрөтүн жарыялады.

 

Буга чейин Стивен Сигал Жогорку Кеңштин мурдагы депутаты Азамат Арапбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Кыргызстанга учуп келгени тууралуу маалымат чыккан. Майрам, алдын ала маалыматтар боюнча, өткөн дем алыш күндөрү Maple Leaf Golf and Country Club клубунда өткөн. Тойдо эстрада жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашкан. Анын ичинде Катя Лель, Элька, 5sta Family тобу, италиялык ырчы жана композитор Пупо (Энцо Гинацци) дагы бар.

Эске сала кетсек, Стивен Сигал Кыргызстанга 2022-жылы учуп келген. Анда ал Азамат Арапбаевдин дагы бир уулунун тоюнда сыйлуу конок болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх