Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө ГИТИСтин жайкы мектеби ишин баштады

Жайкы мектеп Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде уюштурулган

Жаштар актердук чеберчилик, режиссура, сахнадагы кеп, сахнадагы кыймыл боюнча тажрыйбалуу педагогдордон сабак алмакчы.
Россиядагы театралдык искусство институтунун педагогдору Кыргызстан менен Казакстандын театралдык окуу жайларынын студенттерин актердук чеберчиликке окутуп баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жайкы мектеп Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде уюштурулган.
Анда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын жана Темирбек Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын студенттери актердук чеберчилик, режиссура, сахнадагы кеп, сахнадагы кыймыл боюнча тажрыйбалуу педагогдордон сабак алмакчы.
Белгилей кетсек, ГИТИСтин жайкы мектеби быйыл үчүнчү жолу Ысык-Көлдө өтүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх