Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды

Маалыматта тыюу 2024-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин киргизилгени айтылат

Буга чейин борбор калаада митинг өткөрүүгө коюлган чектөө 1-июлга чейин узартылган болчу.
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылганын Биринчи май райондук администрациясы кабарлады.

Маалыматта тыюу 2024-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин киргизилгени айтылат.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

"Ала-Тоо" аянты;
Эркиндик проспекти. Темир жолдон Чүй проспектине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имаратынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.

Ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх