Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайдын Санья институту 20 магистрантка стипендиялык орун бөлдү. Мөөнөтү

Документтерди кабыл алуу 15-июлга чейин жүргүзүлөрү кошумчаланган

Кытайдын Санья институтуна айыл чарба экономикасы жана менеджмент багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 30 мамлекеттин студенттерине 20 стипендиялык орун бөлүнгөн, ага кыргызстандыктар да катыша алат.

"Эки жылдык программа үчүн жылына 70 200 юань стипендия катары бөлүнөт. Анын ичинен окуу акысы — 25 000 юань, жашоо үчүн бөлүнгөн каражат — 8 400 юань, күнмдүк чыгымдар — 36 000 юань, медициналык камсыздандыруу 800 юанды түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Документтерди кабыл алуу 15-июлга чейин жүргүзүлөрү кошумчаланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх