Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстан селден жабыркагандарга 95 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Гуманитардык жардамга ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр кирет

Өзбекстан Ош облусунун Ноокат районунун селден жабыркаган тургундарына 95 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бир күн мурун гуманитардык жардамды коштоп келген Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган өзбек делегациясын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алышты.

Гуманитардык жардамга ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка азык-түлүктөр кирет.

Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх