Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жолдорун оңдоо. Бүгүн эки көчө кесилиш унаа кыймылы үчүн жабылса, бирөө ачылат

Кээ бир автобус маршруттары өзгөрөт

Бүгүн Бишкектин көчөсүнүн эки кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Кошумчалай кетсек, өндүрүштүк муктаждыктардан улам Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши да 7-июлга чейин унаа кыймылы үчүн жабык. Аталган аймакка эски асфальт алынып, жаңы асфальт төшөлдү.

Ошондой эле бүгүн, 4-июлда Байтик Баатыр көчөсү менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишин ачуу пландалууда.

Мэрия кесилиштер жабылганына байланыштуу №195, 152, 103, 55, 56, 145, 102, 42, 169, 212-маршруттук автобустардын кыймылынын схемасы убактылуу өзгөртүлгөнүн белгиледи. Шилтемеден жаңы схемалар менен таанышууга болот.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх