Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күндүн сүрөтү: Бишкек шаарынын мэри орун басары менен жумушка автобус менен баратышат

«Мэрдин демилгеси менен ар шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен каттайбыз»

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев социалдык тармактардагы баракчасына мэр Айбек Жунушалиев экөө автобус менен жумушка бара жаткан сүрөтүн жарыялады.

"Бүгүн бейшемби. Мэрдин демилгеси менен ар шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен каттап келебиз. Биздин максат шаарыбыздын көйгөйлөрүн эл арасында көрүп, жеринде чечүү. Таң аткандан түн ортосуна чейин иштейбиз», — деп жазды чиновник.

 

Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаанын мэри кол алдындагыларга шейшемби жана бейшемби күндөрү жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салып, бул күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү буйруган.

Мэрия мындай чара тыгындарды азайтуу, ошондой эле автобус жана кичи автобустарга көзөмөлдү күчөтүү максатында көрүлгөнүн түшүндүрдү.

«Бул күндөрү жеке жана кызматтык унааларды колдонууга чектөөлөрдү киргизүү жол тармагындагы тыгындарды азайтат, ошондой эле коомдук транспортко суроо-талапты жогорулатууга жардам берет. Бул өз кезегинде транспорт системасынын өнүгүшүнө түрткү берет жана атмосферага зыяндуу заттардын чыгышынын көлөмүн азайтат. Муниципалдык кызматкерлердин коомдук транспортту колдонуусу жарандарга жана башка уюмдарга үлгү болуп, транспорттун экологиялык жактан таза жана эффективдүү ыкмаларын колдонууга үндөйт», - деп белгилешти муниципалитет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх