Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот активист Зарина Төрөкуловага чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды

Буга чейин шаардык сот аны 5 жылга эркинен ажыратып, пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган

3-июлда КР Жогорку соту активист Зарина Төрөкуловага карата өкүмдү күчүндө калтырганын анын жактоочусу Акмат Алагушевге шилтеме берүү менен “Азаттык” жазды.

Адвокат активистке тагылган айып тергөөдө да, сотто да далилденбегенин, бирок ага карабастан сот аны күнөөлүү деп тапканын белгиледи.

2024-жылдын апрелинде Бишкек шаардык соту Төрөкулованы 5 жылга эркинен ажыратып, Биринчи Май райондук сотунун активистке пробациялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чечимин жокко чыгарган.

Эскерте кетсек, Зарина Төрөкулова 2023-жылдын сентябрь айында Фейсбукта жарыяланган макалалары үчүн УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, шектүү «Массалык баш аламандык» беренесине дал келген чагымчыл материалдарды системалуу түрдө жарыялаган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх