Бишкек шаарынын мэри борбор калаадагы ТЭЦтин иши менен таанышты
Эскерте кетсек, жылуулук борбору июнь айында мэриянын балансына өткөн
4-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге борбордун ТЭЦинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында ЖЭБди 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБи июнь айында мэриянын балансына өткөн.
Сүрөт мэриянын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз