Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бердибаев Руслан Жанышбекович дайындалды

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Бердибаевди жамаат менен тааныштырды

Бердибаев Руслан Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Бердибаевди жамаат менен тааныштырды. Акыйкатчы ар бир кызматкер Конституцияга ылайык адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулугу экенин так түшүнүшү керектигин белгиледи.

«Акыйкатчы институту кадрларды тандоодо мамлекеттик кызматтын системасын ичинен жакшы билген кызматкерлерди тартуу тажрыйбасын колдонот. Бул практика оң натыйжаларды берет», - деп белгиледи Акыйкатчы.

Бердибаев 1970-жылы 23-майда төрөлгөн, үч баланын атасы.

Жогорку билимдүү.

1990-1996 - жылдары У. Асаналие атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун тоо-кен инженери-электромеханик адистигин бүтүргөн.

1997-2000 — жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы, адистиги: юрист.

Тажрыйбасы:

1994-жылдан 2024-жылга чейин укук коргоо органдарында иштеген.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалганга чейин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Милициянын полковниги.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх