Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Валерий Кичин Ташкенттин “Локомотивине” өттү

Команданы Александр Крестинин машыктырат

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин Өзбекстандын Суперлигасында ойноп жаткан Ташкенттин "Локомотивине" өттү. Бул тууралуу команда билдирди.

Prosports.kg сайтынын маалыматына ылайык, Суперлиганын учурдагы сезонунда "Локомотив" 10 упай менен 14 команданын арасында 12-орунда келе жатат. “Локомотивди” Кыргызстандын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин машыктырат. Буга чейин команда Өзбекстандын Кубогунан чыгып кеткен.

Ошондой эле Өзбекстандын Суперлигасында Самарканддын «Динамо» клубунда ойногон Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Жоэль Кожо бар.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин "Енисей" клубунан кеткени белгилүү болгон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх