Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүнтөн тарта унаа кыймылы үчүн жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы оңдоо иштерин жүргүзөт

8-июлдан тарта магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоого байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы 8-майда темир жолдон башталган Гоголь көчөсүн бойлой Москва көчөсүнө чейин магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону улантууда. Учурда темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеде иштер аяктоо алдында турат», - деп билдиришти ишканадан.

Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө диаметри 400 миллиметр, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат.

«Бул участок 1979-жылы пайдаланууга берилип, 45 жылдан бери иштеп келет. Жаңыланган жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоону эффективдүү камсыз кылып, жалпы системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат», - деп кошумчалады « Бишкекжылуулуктармагы».

Реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх