Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз Фест – 2024” фестивалы өттү - фото

Иш-чарага 10 миңге жакын коноктор келди

Өткөн дем алыш күндөрү Чүй районундагы Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалы болуп өттү.

Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген. Иш-чарага 7 тонна улуттук суусундук алынып келип, 10 миңден ашык адамдар келди.

 

Иш-чарага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты. Этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-аштын түрлөрүн, кыргыз элинин кийимдерин, музыкалык аспаптарын, кыргыз элинин улуттук оюндарын сактоо жана өнүктүрүүгө каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.

«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, - деди Акылбек Жапаров.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх