Бишкекте кинорежиссер Геннадий Базаровдун эстелиги ачылат
Салтанаттуу иш-чара 9-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө болот
Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө 9-июлда саат 10.00дө КР Эл артисти, кинорежиссер, “Манас” орденинин эки даражасынын ээси Геннадий Базаровдун мүрзөсүнө коюлган эстеликтин ачылыш аземи болот.
Композициянын авторлору:
• дизайнер Эмил Тилеков,
• скульпторлор Тамил Маматова
• Владимир Петров («Блок Стоун» ЖЧКсы).
Салтанатка өкмөт өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, Геннадий Базаровдун достору жана жакындары катышат.
«Цивилизация бул — маданият, маданият — рухийлик экенин унутпашыбыз керек» деген улуу устаттын бул сөздөрү, керээзи кыргыз элинин жүрөгүндө кала берет.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз