Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу мыкты жаачылар арасында турнир өтөт

3-августта Салбуурун фестивалында уникалдуу окуя болот

17-кылымда жашап өткөн атактуу жаачы Жаңыл-мырзанын урматына Кыргызстанда биринчи жолу мыкты жаачылар арасында турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына туризм боюнча эксперт Сергей Глуховеров билдирди.

Анын айтымында, 3-августта Бөкөнбаев айылында «Салбуурун» фестивалында өзгөчө окуя болот.

Ар бир аймак өзүнүн эң мыкты жаа аткычтарын тандайт. Мелдешке ар бир облустан мыкты өкүлдөр келет. Тандоо 2-августта, ал эми 3-августта Жаңыл-мырза атындагы байгелер үчүн салтанаттуу финал болот.

«Турнир даанышман жетекчи катары даңазаланган, элине тынымсыз кам көргөн Жаңыл-мырзанын тарыхый инсанына арналат. Атактуу жоокер мыкты атчан болгон. Ал өз доорунун согуштук жана аңчылык өнөрүн мыкты билген. Ал жаа менен так атып, жырткыч канаттуулар — шумкарлар жана тайган иттер менен жакшы аңчылык кылган», — деп кошумчалады Сергей Глуховеров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх