Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 10-июлда Абдрахманов көчөсүнүн эки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Ошондой эле эртең Байтик Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүн унаалар үчүн ачууну пландап жатышат

Бишкекте 10-июлда Абдрахманов көчөсүнүн эки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, эртең Абдрахманова жана Ж. Бөкөнбаева, ошондой эле Абдрахманова жана Москва көчөлөрүнүн кесилиштери унаа кыймылы үчүн жабылат.

Кесилиштерге асфальт төшөө иштери аяктаган соң, Абдрахманов көчөсүн Москва көчөсүнө чейин ачуу пландалууда.

Эскерте кетсек, 10-июлда Байтик Баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатова көчөсүнө чейинки жол тилкесин ачуу пландалууда.

Мэрия асфальт төшөө иштери жаандан улам кечигип калышы мүмкүн экенин белгиледи. Бул учурда оңдоо графиги өзгөрөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх